Дональд Трамп Жоржия штатында митинг өткөрдү

Американын Жоржия штатындагы Валдоста шаарында Дональд Трамп президенттик шайлоодо утулуп калгандан кийинки биринчи митингин өткөрдү.

Учурдагы мамлекет башчы тарапташтарына президенттик шайлоодо жеңишке жетиши мүмкүн экендигин айтты.

«Алар президенттик шайлоодо биздин добуштарды бурмалоого барышты, бирок биз баары бир аларды жеңебиз», - деди Трамп.

Американын Конституциясына ылайык, Трамп шайлоодо утулганын расмий түрдө мойнуна албай жатканына карабастан, 20-январда Ак үйдү демократ Жо Байден өткөрүп алат.

Булак: Баракелде