Байден Трампты инаугурациясына чакырды

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден учурдагы өлкө башчысы Дональд Трампты инаугурациясына чакырды. Бул тууралуу ал «CNN» телеканалына маек берип жатып айтты.

Ал Трамп келет деген үмүттө. Байден Трамп «бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү берүү салтын улай» инаугурацияга келет деп белгилейт.

Мамлекеттик кызматка расмий түрдө киришүү 2021-жылдын 20-январында болот.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн. Маалыматка ылайык, Байден Трампка караганда көбүрөөк добушка ээ болуп, жеңишке жетишкен. Байден учурдан баштап өзүн АКШнын жаңы президенти катары эсептейт. Ал эми Трамп шайлоодон жеңилгенин моюндаган жок, добуштарды саноодо «мыйзам бузуулар болгон» деп эсептейт.

Дональд Трамп 2024-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерликке коюуну пландаштырган. Трамп бул учурда 78 жашта болот.

Булак: Маралфм