Молдова президенти Орусиядан аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылды

Молдованын жаңы шайланган президенти Майя Санду Орусиядан Приднестровский аймагына киргизилген ыкчам аскер тобун чыгарып кетүүсүн талап кылды.

«Приднестровскийде Орусиянын ыкчам тобу бар. Бул топ тууралуу Молдова тараптан эч кандай макулдашуу болгон эмес, ошондуктан мамлекет: «Аскерлер чыгарылышы керек, ал эми курал-жарактар Молдованын аймагында калышы керек», — деген позицияны карманат», — дейт өлкө башчысы.

Санду Орусия менен бул маселени талкуулоону каалайт.

Ал аймактагы тынчтыкты орнотуу миссиясын жарандык көзөмөл миссиясына айлантуу ниетин билдирип, молдовандар аймактан Орусия «тынчтык сактоочуларын» эмес, Европа Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЕККУ) өкүлдөрүн көргүсү келерин айтты.

«Тынчтык орнотуу боюнча 1992-жылдагы келишим бар. Биз учурда өлкө аймагында аскердик аракетти жандандырууга муктаждык жок деп эсептейбиз. Ошондой эле бул миссияны ЭККУ кошулган жарандык көзөмөл миссиясына айлантуу керек», — деди.

Молдованын жаңы президенти «5+2» форматы аркылуу Приднестровскийдеги абалды жөнгө салуу максатын көздөйт.

Булак: Маралфм