Экинчи пандемияны башынан өткөрүп жаткан 101 жаштагы эне 3-жолу коронавирус жуктурду

 Италиядагы 101 жаштагы эне үч ирет коронавирус менен ооруду. Бул тууралуу италиялык гезиттер жазды.

Арденно шаарындагы карылар үйүндө жашаган Мария Орсингер алгач ушул жылдын февраль айында COVID-19 жуктурган. Оору жеңил өтүп, ооруканага жатпай эле айыккан. Сентябрда Мария Орсингерден кайрадан коронавирустун белгилери байкалган. Ал ооруканага жаткырылып, 18 күндөн кийин айыгып, бейтапканадан чыгарылган. Октябрь айынын соңунда карылар үйүндөгү бардык адамдар тест тапшырганда Мария Орсингерден кайрадан COVID-19 аныкталган. Бирок бул жолу оорунун эч кандай белгилери байкалган эмес, оору жеңил өтүп жаткан.

Мария Орсингердин үчүнчү жолу коронавирус жуктурушу адистерди тынчсыздандырды. Алар сентябрда Мария Орсингердин айыкканын тастыктаган тест туура эмес жыйынтык көрсөткөнүн божомолдоп жатышат. Башка божомол боюнча, октябрдагы тестирлөө экинчи жолу коронавирус жуктургандан кийин организмде калып калган вирустарды көрсөтүшү мүмкүн.

Мария Орсингер 1919-жылы Италияда туулган. Төрөлгөндөн кийин испан тумоосуна (испанка) чалдыккан. Бул илдет сасык тумоонун өлүмгө алып келген коркунучутуу түрүнө кирет. 1918-1919 жылдары испан тумоосунун кесепетинен миллиондогон адамдар каза болгон.

Булак: Баракелде