Польшада дүйнө жүзүндөгү эң терең бассейн ачылды.
Анын тереңдиги 45 метрди түзөт.
Бассейндеги суунун көлөмү 8 миң куб метр болот. Ал аквалангист жана фридайверлерге ыңгайлашкан.
Буга чейин Италиядагы «Y-40» бассейни эң терең деп саналып келген. Анын тереңдиги 42 метрди түзөт. Бул бассейн Гиннестин рекорддор китебине да катталган.
Ошону менен бирге Улуу Британияда да эң терең бассейн куруу долбоору иштелип чыккан. Бул бассейндин тереңдиги 50 метр болот. Ал 2 жылдан кийин ачылышы мүмкүн.
Булак: Баракелде