Бишкек, "Саясат. kg". Сынык айфон көтөргөн футболист акчасын жакыр жашагандарга берет.
"Ливерпуль" футбол клубунун футболисти Садио Мане айнеги талкаланып кеткен айфон көтөрүп жүргөнүн көргөн фанаттары ага: "Эмнеге жаңы телефон сатып албайсыз?" - деп суроо узатышкан.
Футболист: Менин айфон эле эмес, 10 Феррари, бриллиант чегерилген саат, 2 учак сатып алууга мүмкүнчүлүгүм жетет. Бирок бул дүйнөгө кандайдыр бир өзгөрүү алып келеби?" - деп жооп берген.
Андан ары: "Мен кичине кезимде ачкачылыкка кабылгам, талаада иштегем, жылаңайлак жүргөм, мектепке бара алган эмесмин анткени акчам жок болчу. Азыр менде адамдарга жардам берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бир нече стадион, мектеп курдум, эң жакыр үй-бүлөлөрдү тамак-аш, кийим-кече жана бут кийим менен камсыз кылдым. Сенегалдын жакыр райондорунун ар бир жашоочусу айына 70 евро алып турушат. Мага кымбат автоунаа, үй, саякаттоо керек эмес... мага жашоо берген жакшы нерселердин кайсы бир бөлүгүн башка адамдар менен бөлүшүүнү каалайм", - деген футболист.