Кытайдын Харбин шаары карантинге жабылды.

Бул жөнүндө чет элдик басылмалар жазды. Маалыматка караганда, Кытай бийлиги коронавирус инфекциясынын экинчи толкунун болтурбоо үчүн 10 миллион калкы бар шаарга кирүүгө жана андан чыгууга тыюу салды.

Харбин шаарынын тургундарында бир райондон экинчи районго баруу үчүн коронавирус жуктурбаганын тастыктаган QR-код болушу керек. Ошондой эле жарандар көчөдө бет кап тагынып жүрүүгө милдеттендирилди.

Харбинде акыркы 10 күндүн ичинде 57 адамдан коронавирус аныкталган.

Булак: Элгезит