Италиядагы Этна вулканы атылды.
Бул тууралуу "Euroweekly News" басылмасы жазды.
Лаванын агышы пайда болуп, 30 чакырым алыста жайгашкан Катания шаарына чейин түтүн каптаганы көрүнгөн. Вулкан жума күнү активдүүлүктүн белгилерин көрсөтө баштаган, тактап айтканда атылуу беш километрге көтөрүлүп, бара-бара күчөй баштады.
Италиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, тургундардын ден соолугуна коркунуч келтирген эмес.
Этна вулканы 2007 жылдан бери активдүү атылып жатат, акыркы вулкандык атылуу 2019-жылдын июлунда болгон.
Булак: Баракелде