Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1657ге жетти.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

21-апрель саат 10.00гө карата 92 жаңы учур катталды. 20-апрелде 36 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылып, реабилитацияга жөнөтүлгөн.

Бүгүн күндө Өзбекстанда коронавирустан жалпы айыккандардын саны 261 адамга жетсе, коронавирус жуктурган беш адам каза болгон.

Өзбекстанда алгач коронавирус 15-мартта катталган.

Булак: Кабар