Бүгүн, 21-апрелде саат 09:35ге карата Казакстанда дагы 97 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, жаңы учурлар Алматы (62), Нур-Султан (4), Чымкент (2) шаарларында, Караганда (6), Түркстан (5), Чыгыш Казакстан (3), Кызыл-Ордо (2) жана Мангистау (1) облустарында катталды. Муну менен Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 1949 адамга жетти.

Алардын ичинен:

- 668 адам Алматы шаарында;

- 390 адам Нур-Султан шаарында;

- 151 адам Кызыл-Ордо облусунда;

- 82 адам Акмола облусунда;

- 99 адам Караганда облусунда;

- 80 адам Атырау облусунда;

- 65 адам Жамбыл облусунда;

- 65 адам Түркстан облусунда;

- 92 адам Чымкент шаарында;

- 30 Түндүк Казакстан облусунда;

- 50 адам Алматы облусунда;

- 68 адам Батыш Казакстан облусунда;

- 27 адам Актөбө облусунда;

- 33 адам Павлодар облусунда;

- 13 адам Мангистау облусунда;

- 11 адам Чыгыш Казакстан облусунда;

- 25 адам Костанай облусунда.

Булак: Баракелде