Бишкек, “Саясат.kg”.  Бүгүн, өлкөдө 13-апрелде саат 11:10до дагы 11 адамдан коронавирус инфекциясына чалдыкканы аныкталды.

Бул тууралуу Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлиги кабар берген.

Анын маалыматы боюнча, жаңы учурлар Караганда облусунда катталды. Ошону менен Казакстанда коронавирус жуктургандардын  жалпы саны 972 адам  жетти.

Анын ичинен:

- Нур-Султанда 253 адам;

- Алматыда 172 адам;

-  Караганда облусунда 76 адам;

-  Акмола облусунда 71 адам;

- Атырау облусунда  59 адам;

-  Жамбыл облусунда 46 адам;

- Чымкент шаарында 38 адам ;

- Чыгыш Казакстан облусунда 6 адам ;

- Алматы облусунда 21 адам ;

-  Актөбө облусунда 21 адам;

- Түндүк Казакстан облусунда 25 адам;

-  Павлодар облусунда 10 адам;

-  Мангистау облусунда 10 адам;

- Кызыл-Ордо облусунда 119 адам ;

- Батыш Казакстан облусунда 9 адам ;

- Түркстан облусунда 43 адам ;

- 3 адам Костанай облусунда.