Бүгүн, 11-апрелде саат 10:00гө карата Өзбекстанда дагы 25 адамдан коронавирус аныкталды.
Муну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 694 адамга жеткенин Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Учурда Ташкенттеги Вирусология институтунда 104 бейтап бар, алардын ичинен 8 адамдын абалы оор деп бааланууда. Ал эми Эпидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар институтунда 108 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен 5 бейтаптын абал оор.
Өзбекстанда жалпы 42 адам коронавирустан айыгып, 3 бейтап көз жумду.
Булак: Баракелде