АКШда сенатор Берни Сандерс быйыл өтө турган президенттик шайлоого Демократиялык партиянын атынан өзүнүн талапкерлигин коюуну токтотту.

Сандерстин жарыштан чыгышы АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байдендин Демократиялык партиянын атынан талапкер болуп, Дональд Трампка атаандашуусуна жол ачат. Буга чейин Байден Иллинойс, Аризона жана Флоридада өткөн праймеризде Сандерсти басып өткөн.

Бул арада коронавирус эпидемиясына байланыштуу АКШда митингдер жана эл менен жолугушуулар болбой калды.

Демократиялык партиянын атынан талапкер болуу үчүн партия съездине катышкан 3979 делегаттын кеминде 1991инин добушун топтоо керек. 7-апрелге карата Байденди 1217 киши колдогон, Сандерстин жактоочулары 914 болгон.

АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп соңку праймериздин жыйынтыгы боюнча 1301 добуш топтоду. Трамп республикачылардын атынан шайлоого кайра катышуу үчүн августтагы съездде 2441 добуштун 1276сын топтошу керек.

Кошмо Штаттарда шайлоо 2020-жылы 3-ноябрда өтөт.

Булак: Азаттык