Бүгүн, 6-апрелде саат 10:00гө карата (Ташкент убактысы) Өзбекстанда дагы 48 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 390 адамга жетти. Ошондой эле 2 адам каза болуп, 30 адам бул илдеттен айыкты.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 216 адамдан коронавирус аныкталып, 4 адам каза болду. Ошондой эле 10 адам бул илдеттен айыкты, бүгүн дагы 23 адамды ооруканадан чыгаруу пландалып жатат.
Булак: Баракелде