Бүгүн, 6-апрелге карата Испанияда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 131,6 миң адамга жетип, Италиядан ашты.

Учурда ал жерде вирус жуктурган 128,9 миң учур катталган.

Ал эми Германияда бул илдетке чалдыккандардын саны 100 миң кишиден ашып, 4-орунга чыкты. Андан кийин Германия, Франция (90 миңден ашты) турат.

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 1 миллион 273 миң адамды түзүп, 69,4 миң бейтап көз жумду.

- АКШ — 336,8 миң;

- Испания — 131,6 миң;

- Италия — 128,9 миң;

- Германия —100 миң;

- Франция — 92,8 миң;

- Кытай — 81,7 миң;

- Иран — 58,2 миң;

- Улуу Британия — 47,8 миң;

- Түркия — 27 миң;

- Швейцария — 21,1 миң;

- Бельгия — 19,6 миң.

Булак:  Баракелде