Филиппиндин президенти Родриго Дутерте бүгүн, 2-апрелде телевидение аркылуу элге кайрылуу жасап, полиция жана аскерлерге коронавирус жуктурган адам каршылык көрсөтүп же күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин өмүрүнө коркунуч жаратса «атып салууга» буйрук берди.

«Менин полиция жана аскерлерге буйругум: эгер кандайдыр бир көйгөй болсо же алар каршылык көрсөтсө жана силердин өмүрүңөргө коркунуч жаралса, анда өлтүрө атып салгыла. Түшүнүктүүбү? Өлтүрө аткыла», - деди президент.

Ал бул карантинге жөнөтүлүп, бирок анын эрежелерин сактабай жаткан адамдарга да тиешелүү экенин билдирди. Президенттин басма сөз кызматы өлкө башчы өз сөзүндө элдин көңүлүн бурдуруу үчүн «гипербола» (ашырып айтуу) колдонгонун маалымдады. Ал эми улуттук полициянын башчысынын айтымында, президент коомдук тартип боюнча айтылган сөздөр олуттуу экенин көрсөткүсү келген. Күч түзүмдөрү эч кимди атпайт.

Расмий маалымат боюнча, Филиппинде коронавирустан 96 адам каза болуп, 2300 адам бул илдетти жуктурду. Бирок бул статистика так болбошу мүмкүн, анкени ооруну аныктоочу тесттер жетишсиз.

Көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары борбор шаар Маниланын жакыр райондорунда бийликтен гуманитардык жардам талап кылып, нааразычылык акциясына чыккандардын арасынан бир нече адам камакка алынганын маалымдады.

Ал эми президент кайрылуусунда: «Абал оорлошуп бара жатат. Ошондуктан дагы бир жолу маселе олуттуу экенин айтам жана сиздер мени угушуңуздар керек», - деди.

Булак: Баракелде