Бүгүн, 1-апрелде саат 01:15ке карата Казакстанда дагы 3 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Жаңы учурлар Атырау облусунда катталганын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 343 адамга жетти.
Кыргызстанда коронавирус боюнча 107 учур катталды.
Өзбекстанда 172 адамдан коронавирус аныкталды.
Булак: Баракелде