Россияда дагы 8 бейтап коронавирус инфекциясынын кесепетинен каза болду.

Бул тууралуу «РИА Новости» коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабга шилтеме берүү менен билдирди.

Бул илдеттен Москвада 5 адам, Санкт-Петербург, Владимирск жана Пенза облустарында бирден адам көз жумду.

«Россияда коронавирус жуктургандардын саны 2337 адамга жетти. Ошондой эле 121 адам айыгып, 17 бейтап каза болду», - деп айтылат маалыматта.

Булак: Баракелде