Моңголияда коронавирус жуктурган 2 бейтап айыкты.
Алар бүгүн, 31-мартта ооруканадан чыгарыла турганын брифингде өлкөнүн Жугуштуу ооруларды изилдөө борборунун директору билдирди.
Бүгүнкү күндө Моңголияда коронавирус жуктурган 12 адам бар. Ал эми айыккан бейтаптар ооруканадан чыгарылгандан кийин 14 күн изоляцияда болушат.
Кыргызстанда 94 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Булак: Баракелде