Өзбекстандын аймагында 29-мартта дагы 11 адамдан коронавирус аныкталды.
Муну менен жаңы дартты жуктургандардын жалпы саны 144 адамга жетти.
Акыркы маалыматтар боюнча, Өзбекстанда 4 адам оор абалда болсо, 7 адам коронавирустан толугу менен айыкканы жарыяланган.
Кыргызстанда коронавирус 84 адамдан аныкталган.
Казакстанда коронавирус жуккандардын саны 283 адамга жетти.
Булак: Кабар