Панама Республикасында 22-мартта коронавирустан 13 жаштагы кыз каза болду.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү билдирди.

Маалыматтарга караганда, бул коронавирустан каза болгон эң жаш бейтап. Буга чейин Гонконгдо 16 жаштагы өспүрүм көз жумган болчу.

«Аль Жазира» эл аралык телеканалдын маалыматына караганда, АКШда жасалма жол менен желдетүү аппаратында 12 жаштагы кыз жатат. Ал эми АКШнын ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору мурдагы жумадагы көрсөткүчтөр боюнча вирус жугуп ооруканага жаткырылгандардын 38 пайызы 20 жаштан 34 жашка чейинки бейтаптар экенин билдирди.

Вирус жаштарга жеттиби?

Жугуштуу оорулар боюнча улуттук институтунун директору Доктор Энтони Фаучинин айтымында, дем алыш күнү болгон брифингде АКШнын саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү бул көрсөткүчтөрдүн санын кылдаттык менен көзөмөлдөп жатышканын билдиришкен. Учурда буга байланыштуу так жооп жок.

Булак: Баракелде