Өзбекстанда дагы бир адам коронавирус жуктурду.

Өзбекстанда дагы бир адам коронавирус жуктурду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, коронавирус инфекциясы чет өлкөдөн келген жарандан (эркек киши) аныкталды. Ал тууралуу башка маалымат берилген жок.

Бүгүн, 23-мартка карата Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 46 адамга жетти. Ал эми 22-мартта Ташкентте бардык коомдук унаалар токтотулду. Медицина кызматкерлери үчүн атайын транспорт уюштурулуп, ал дезинфекцияланып жатат.

Булак: Баракелде