Казакстандын Нурсултан шаарында коронавирус инфекциясы дагы бир адамдан аныкталды.
Казакстандын Нурсултан шаарында коронавирус инфекциясы дагы бир адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус 54 адамга жуккан. Анын ичинде 29 учур Нур-Султанда, 22 учур Алматыда, 2 учур Карагандада, 1 учур Алматы облусунда аныкталган. 19-марттан тарта Нур-Султан менен Алматыга карантин киргизилген болчу.
Булак: Баракелде