Испанияда бир суткада коронавирус 4946 адам жуктуруп, жуктургандардын жалпы саны 24 926 кишиге жетти.

Испанияда бир суткада коронавирус 4946 адам жуктуруп, жуктургандардын жалпы саны 24 926 кишиге жетти. Бул тууралуу өлкөдөгү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен жазды.

Ал эми акыркы сутка ичинде инфекциянын кесепетинен 324 адам каза болсо (жалпы каза болгондордун саны 1326 адам), 2125 бейтап айыкты. Буга чейин 20-мартта вирус жуктургандардын саны 19 980 киши, 1002 адам каза болгону маалымдалган.

Учурда Испания дүйнө боюнча коронавирустан каза болгондордун саны менен Кытай, Италиядан кийин турат.

Булак: Баракелде