Кечээ, 4-мартта Украинанын парламенти — Жогорку Раданын кезексиз жыйыны өтүп, премьер-министр Алексей Гончаруктун отставкага кетүүсү каралып, добуш берилди.
Кечээ, 4-мартта Украинанын парламенти — Жогорку Раданын кезексиз жыйыны өтүп, премьер-министр Алексей Гончаруктун отставкага кетүүсү каралып, добуш берилди. Добуш берүүнүн алдында өлкөнүн президенти Владимир Зеленский депутаттардын алдында сүйлөп, бийлик жакшы жетишкендиктерге жетип жатканын жана коррупция байкалбаганын баса белгиледи. Бирок бул украиндиктерге аздык кыларын айтканын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди.
Премьер-министр кызматына жамааттарды жана аймактарды өнүктүрүү боюнча мурдагы вице-премьер министр Денис Шмыгал дайындалды.
Денис Шмыгал 1975-жылы 15-октябрда Львов шаарында туулган. Инженер экономист адистиги боюнча билими бар.
2003-жылы Экономика илимдеринин кандидаты болгон (Украинанын Улуттук илимдер академиясынын Аймактык изилдөөлөр институту).
2009-жылы эмгек жолун мамлектик кызматта баштады. Львов облустук Экономика боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси, андан соң экономика жана өнөр жай саясатынын башкы башкармалыгынын башчысы, экономикалык өнүгүү, соода жана өнөр жай департаментинин директору болду.
2014-жылы Львов облустук кирешелер жана жыйымдар башчысынын орун басары, 2015-2017-жылдары «Львовхолод» өндүрүш компаниясында, 2017-2019-жылдары «ДТЭК» компаниясынын директорунун социалдык маселелер боюнча орун басары болуп эмгектенди.
2019-жылдын август айынан 2020-жылдын февраль айына чейин Ивано-Франковск региондук мамлекеттик башкармалыгында эмгектенип, кийинчерээк жамааттарды жана аймактарды өнүктүрүү боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалган.
Булак: Баракелде