Өткөн аптадан бери Түркия менен Грекиянын чек арасынан 130 миңден ашуун мигрант өттү.
Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри кабарлады. Түркия чек арасын ачкандан кийин Европага агылган качкындардын саны көбөйгөн.
Бул арада Грекиянын миграция иштери боюнча министри өлкө аларды кабыл алууга даяр эмес экенин билдирүүдө.
Учурда болгар жана грек чек араларында көзөмөл күчөтүлдү. Ал жакта полиция мигранттарды көздөн жаш агызуучу газ менен кууп таркатууда. Түркия президенти Режеп Эрдоган Болгория премьер-министри менен жолугушууда алгачкы курмандыктар тууралуу айтты.
"Тилекке каршы, Европа биримдиги убадасына турган жок. Бул окуялардан эки мигрант өлүп, дагы бири грек жоокерлеринин колунан жарадар болду", – деди ал.
2016-жылы Брюссель менен Анкара качкындар маселесинде мунасага келген. Ага ылайык, Түркия миллиондогон сириялыктарды өз аймагында убактылуу баш калкалатып, Батышка өткөрбөй турмак. Бул үчүн Евробиримдиктен каржылык жардам алмак болгон. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу биримдик 6,5 миллион доллардын жарымын төлөп бербей койгонун айтты. Анкара Сирияда коопсуздук зоналарын түзүү боюнча планды европалык саясатчылар колдобой койгонуна да нааразы.
Германия канцлери Ангела Меркель түрк өкмөтү менен сүйлөшүү уланарын айтты.
Австрия канцлери Түркияны Евробиримдикке чабуул жасоого айыптап, өлкө чек арасын мигранттардан коргоого даяр экенин билдирди.
БУУнун маалыматына караганда, былтыр декабарда аймакта кырдаал курчугандан бери бир миллионго жакын адам өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Буга чейин БУУнун гуманитардык миссиясы сирия-түрк чек арасындагы качкындар лагеринде болуп, алардын абалы өтө оор экенин билдирген.
Булак: Азаттык