АКШнын Теннеси штатында күчтүү торнадонун кесепетинен кеминде 25тей адам каза болду.

АКШнын Теннеси штатында күчтүү торнадонун кесепетинен кеминде 25тей адам каза болду. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери дале уланууда. Бул тууралуу штаттын Өзгөчө кырдаалдар боюнча ведомствосу кечээ, 3-мартта билдирди.

Кыйраткыч бороон АКШнын түштүк-чыгышында жайгашкан Теннеси штатынын үстүнөн 3-март күнү жүрүп өткөн. Натыйжада, 48 имарат кулап, 150 адам ооруканага жеткирилген.

Телекөрсөтүүдө трансляцияланган видеожазууларда кыйраган көпүрөлөр жана көчөлөр чагылдырылган. Ал эми АВС телеканалы штаттын борбору Нашвилланын аэропортунда бири-бири менен кагылышкан учактардын, автоунаалардын видеосун жарыялаган.

Штаттын өзгөчө кырдаалдар ведомствосунун маалыматына караганда, 73 миң үй-бүлө жараксыз абалга келген электр түйүндөрүнөн улам жарыксыз калышкан.

АКШ президенти Дональд Трамп жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан аймакка 6-мартта келерин билдирди.

Эскерте кетсек, АКШнын түштүк-чыгыш аймагында көп учурларда кыйраткыч бороондор болуп турат. Мындан бир жыл мурун Теннесиден түштүгүрөөк жайгашкан Алабама штатында болуп өткөн торнадодо 23 адам өмүрлөрү менен кош айтышкан эле.

Булак: Маралфм