Рим папасы Франциск ооруп жүргөнүнө байланыштуу коронавируска карата тест тапшырып, анын жыйынтыгында оорунун белгилери чыкты.

Бул тууралуу «Il Messaggero» рим гезити жазды.

Бирок бул тууралуу Ватикандын басма сөз кызматы маалымат бере элек.

28-февралда Рим папасы ооруп калганына байланыштуу биринчи жолу пландаштырылган улуу ырым-жырым өткөрүү аземине катышкан эмес. Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Рим папасы коронавирус жуктуруп алганын божомолдоп жазышкан болчу.

Учурда Италияда коронавирустан 52 адам каза болсо, 2 миңге жакын адамга жуккан.

Булак: Баракелде