Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө коронавирус дартын жуктургандардын саны 85 миң адамга жетти.
Жалпы 36 миң адам айыккан.
Бүгүн, 29-февралга карата Кытайда коронавирустан көз жумган адамдардын саны 2 835 болду. 39 000 адам айыкса, 79, 251 адамга жуккан. Сутка ичинде Кытайдын аймагында 427 адамга жукканы катталган.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 коронавирус дартынын жайылышындагы коркунучту эң жогорку деп баалады.
Түштүк Кореяда коронавирус 2 931 адамга жукту. Бийлик жашоочуларды эс алуу күндөрү үйдө болууга чакырып жатат.
Иранда 388 адам жуктуруп, 34 адам көз жумду.
Италияда 888 адам жуктуруп, Азиядан кийинки орунга чыкты. 21 адам көз жумган.
Японияда «Diamond Princess» круиздик кемедегилерди кошкондо 940 адамга жугуп, 11 адам каза болду. Коронавирустун жеңил түрүн жуктургандардын арасында Кыргызстандын да 1 жараны бар. Ал аталган кемеде экипаждын мүчөсү болчу. Учурда Японияда дарыланып жатат.
Францияда коронавирус 57 адамга жугуп, 2 адам көз жумду.
COVID-19 вирусу Монако өлкөсүндө да катталып, 50 чакты адамга жуккан.
Британиядагы 19 адам коронавирус дартын өлкөнүн аймагынан сырткары жуктурган.
Америка Кошмо Штаттарында COVID-19 вирусу менен 62 адам катталган.
Бүгүн, 29-февралга карата Кыргызстанда коронавирус катталган жок. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн аймагында эпидемиологиялык абал туруктуу.
Булак: Баракелде