Ирандын аялдар жана үй-бүлө иши боюнча вице-президенти Масуме Эбтекар коронавирус жуктурду.
Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Ал 26-февралда вируска тест тапшырып, кечээ, 27-февралда жыйынтыгы чыкты. Инфекцияны жайылтпоо үчүн Эбтекар үйүндө карантинде болот.
Буга чейин Ирандын саламаттыкты сактоо министринин орун басарынан коронавирус аныкталганын «ILNA» маалымат агенттиги билдирген.
Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү мамлекеттик телеканалга берген маегинде министрдин орун басары Ирадж Харирчи коронавирус жуктуруп, карантинде жатканын маалымдаган. Ирадж Харирчи өлкөдөгү абал боюнча Тегеранда маалымат жыйын өткөргөн. Маалымат жыйында ал өзүн жаман сезип, тердеп чыккан.
Иранда 245 адам бул дартты жуктуруп, 26 адам каза болду.
Булак: Баракелде