Өзбекстандын мурдагы президенти маркум Ислам Каримовдун кызы Гүлнара мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевге жазган катында казынага 686 миллион долларды кайтарап берүүнү сунуш кылды.
Өзбекстандын мурдагы президенти маркум Ислам Каримовдун кызы Гүлнара мамлекет башчы Шавкат Мирзиёевге жазган катында казынага 686 миллион долларды кайтарап берүүнү сунуш кылды. Бул үчүн ал өзүнө каршы козголгон акыркы кылмыш ишин жабууну өтүндү.
Катты Каримованын Лондондо жашаган кызы Иман 25-февралда «Инстаграмга» жайгаштырды. Түрмөдө отурган Гүлнара көп жылдардан бери балдарын көрө элек экенине, ден соолугу начарлаганына даттанды.
Өзбекстандын Жогорку соту Каримова баш болгон бир нече кишинин ишин 8-январдан тартып карай баштаганын маалымдаган. Өткөн августта Башкы прокуратура эки ишкананын мамлекетке таандык акцияларын сатып, кийин чет өлкөлүк ишкерлерге саткандыгы үчүн ага каршы иш козгогон.
Андан тышкары 47 жаштагы Гүлнарага Швеция менен Швейцарияда арам акчаны адалдоого байланышкан иштер козголгон.
47 жаштагы Гүлнара былтыр мартта үй камагынын шарттарын бузган деп Ташкент облусундагы колонияга жөнөтүлгөн. 2015-жылы экс-президенттин кызы күчтөп акча өндүрүү жана салык төлөөдөн качуу үчүн соттолгон. 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылып, бирок кийин жаза мөөнөтү беш жылга кыскарган.
Булак: Азаттык