Египетти дээрлик 30 жыл башкарып турган Хосни Мубарак 25-февралда, 91 жаш курагында көз жумду.

Египетти дээрлик 30 жыл башкарып турган Хосни Мубарак 25-февралда, 91 жаш курагында көз жумду. Ал өлкөнү 1981-жылдан 2011-жылга чейин башкарып турган.

1981-жылы 6-октябрда Каирде аскердик парад учурунда Египеттин ошол кездеги президенти Анвар Садат террорчунун огунан мүрт кеткен. Көп өтпөй анын ордуна Хосни Мубарак президент болуп келген.

1987-1993 жана 1999-жылдары референдум аркылуу улам шайланып отурган.
2005-жылы өлкөнүн Башмыйзамына өзгөртүү киргизилип, президенттик кызматка бардык партиялар талапкерин коюу укугу берилген. Жаңы мыйзам ишке киргенден кийин да Хосни Мубарак шайлоодо утуп чыккан.

2011-жылы 11-февралда "араб жазы" деп аталган ыңкылаптар учурунда Хосни Мубарак кызматынан чегинүүгө аргасыз болгон.

Андан кийин камакка алынып, бир нече айыптардын негизинде өмүр бою эркинен ажыратылган.

Хосни Мубарак союз мезгилинде Кыргызстандын Токмок шаарындагы учкучтарды даярдоочу окуу жайынан окуп кеткен.

Булак: Азаттык