Казакстандын Нур-Султан шаарындагы тергөө абагына жеткирилген 43 жаштагы Дулат Агадил аттуу активист каза болду.

Бул тууралуу «Polisia.kz» басылмасы билдирди.

Жалпыга маалымдоо каражаттары аны саясий активист деп аташчу. Дулат Агадилдин өлүмүнө нааразы болгондор ички иштер министри Ерлан Тургумбаевдин оставкага кетишин талап кылып жатышат. Ички иштер министрлинин алдына чогулган адамдар Тауельсиздик көчөсүн жаап салышкан.

Дулат Агадилге карата сотторду, соттук отурумдун катышуучуларын кемсинткени жана укук бузганы үчүн кылмыш иши козголгон. Январь айында ал сыртынан айыпталып, эч жакка кетпөө тил кат түрүндө баш коргоо чарасы тандалган. Кийинчерээк баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, аны камакка алуу чечими чыккан.

Кечээ, 24-февралда болжол менен саат 21:00 чамасында Дулат Агадилди тергөө абагына жеткирилген. Ал кармалган камерада Дулаттан башка дагы 4 адам болгон. Алар Дулатка карата күч колдонуу фактысы болбогонун айтып, көрсөтмө беришти.

Медициналык күбөлөндүрүүнүн корутундусуна ылайык, Дулат Агадил кармалган учурда мас абалда болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, маркумдун өлүмүнө жүрөк оорусуна себеп болушу мүмкүн. Анын денесинде күч колдонуунун белгилери болгон эмес. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: Баракелде