"Diamond Princess" круиздик лайнеринде дагы бир жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

"Diamond Princess" круиздик лайнеринде дагы бир жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Муну менен аталган круиздик лайнерде катталган өлүмдүн жалпы саны 4 адамга жетти. Маалыматка ылайык, каза болгон жүргүнчүнүн улуту жана жынысы аныктала элек. Бирок анын жашы 80 жашта экени айтылууда.

Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирусту жуктурган адамдардын саны 851 кишиге жеткенин тастыктаган. Алардын арасында "Diamond Princess" круиздик лайнеринде 691 киши вирусту жуктурган болсо, абалы оорлордун саны 30 киши экенин маалымат булактары жазып жатышат.

Буга чейин "Diamond Princess" аттуу круиздик лайнеринде коронавирус жуктуруп алган Кыргыз жараны бар экени айтылган.

Бирок бул маалыматты 21-февралда коронавируска байланыштуу жыйын учурунда Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов четке кагып, Кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алды деген маалымат анын каютадагы кошунасынан коронавирус табылганына байланыштуу экендигин белгилеген.

Лайнер Япониянын Иокогама шаарынан 20-январда чыгып, саякаттан 3-февралда кайтып келген. Жүргүнчүлөрдүн арасында коронавирус жуктуруп алган Кытай жараны болгон. Ал кемеден 25-январда Гонконгдон түшкөн. Бардыгы болуп кемеде 50дөй өлкөнүн 3700гө жакын жараны бар болгон.

Булак: super.kg