Палестиндик топ менен Израиль Египеттин жана БУУнун ортомчулугунда ок чыгарбоо келишимине макулдашты.

Палестиндик топ менен Израиль Египеттин жана БУУнун ортомчулугунда ок чыгарбоо келишимине макулдашты. Бул тууралуу Sky News Arabia телеканалы маалымдады.

Маалыматка ылайык, ок чыгарууну токтотуу режими 25-февралга караган түнү күчүнө кирген.

Эки тарапта акыркы мүнөттөргө чейине бири-бирин аткылоо уланганын жерликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Израилдин коргонуу армиясынын пресс-кызматы 24 февралда радикалдык деп эсептелген палестиналык “Ислам жихады” тобунун Газа тилкесиндеги жана Сирия борборунан түштүгүрөөк жайгашкан объектилерине сокку урганын билдирген. Бул палестиналыктардын деңиз боюндагы анклавынан урулган ракеталык атууларына каршы жооп болду дешет. Ошондой эле топтун мүчөлөрү Газа тилкесиндеги коопсуздук дубалынын алдында террордук акты жасаганга аракет кылышкан. Мындан соң Газа тилкесинен ракеталар коё берилген. Буларга жооп кылып Израилдин Аскер аба күчтөрүнүн кыйраткыч учактары Дамасктын түштүгүндөгү жана Газа тилкесиндеги “Ислам жихады” уюмунун ондогон объектилерине сокку урган.

Булак: Маралфм