Кей-би-эс телеканалынын маалыматына караганда, адамдар дүкөндөргө баруудан качып, жапырт интернет дүкөндөрдүн кызматынан пайдаланууга өтүштү.

Медициналык беткаптарга, дезинфекциялоочу заттарга жана узак сакталуучу азык-түлүктөргө, тез даярдалуучу тамактарга суроо-талап көбөйгөн. Айрым интернет дүкөндөр кардарларын тиешелүү деңгээлде товар менен камсыз кылууга жетишпей, ишин токтотууга мажбур болушту.

Түштүк Кореядагы ири онлайн дүкөндөрдүн бири Coupang ("Купанг") кампасында азык-түлүк калбай калганына байланыштуу ишин токтоткон. Жеткирүү кызматтары буйрутмалардын көптүгүнөн кардарларга товар ташып, жетишпей жатышканы айтылууда.

Дагы бир онлайн дүкөн Gmarket ("Жимаркет") 20-февралдан бери буйрутмалардын саны 150% көбөйгөнүн маалымдады.

Өлкөдө 893 адам ооруну жуктуруп алган. 7 киши көз жумду.

Булак: Азаттык