Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылык агенттиги Афганистанда коронавирус катталганына байланыштуу өзбек-афган чек арасын жабууну сунуштады.

Мындай сунуш коронавируска каршы күрөшүү боюнча борбордук штабдын отурумунда айтылды. Отурумда өзбек-афган чек арасын убактылуу жабуу сунушу, ошондой эле эки өлкөнү байланыштырган маселелер талкууланды. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул тууралуу расмий түрдө маалымдай элек.

Кечээ, 24-февралда Афганистандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 3 адамга коронавирус жукканын жарыялаган. Бир бейтаптын Ирандын Кум шаарында коронавирусту жуктуруп алганы аныкталгандан кийин, Афганистанда өзгөчө кырдаалдар режими жарыялаган. Афганистан бул оорунун жайылуу коркунучун алдын алуу үчүн Иран менен байланыштырган каттамдарды токтотту.

Эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек аранын узундугу 144 километрди түзөт. Өзбекстан Афганистандан качкындардын же мигранттардын киришине бөгөт коюу үчүн Сурхардарыя облусундагы чек араны бекемдеди.

Булак: Баракелде