Италиянын Ломбарди жана Венето провинцияларындагы 11 шаар карантинге жабылды. Шаарлардагы 50 миңдей жашоочу бийликтен үйдөн чыкпоо боюнча эскертүү алды.

Италиянын Ломбарди жана Венето провинцияларындагы 11 шаар карантинге жабылды. Шаарлардагы 50 миңдей жашоочу бийликтен үйдөн чыкпоо боюнча эскертүү алды. Премьер-министр Жузеппе Конте билдиргендей, эми коронавирус аныкталган аймактардан атайын уруксаты жок чыгууга болбойт.

BBC тараткан маалымат боюнча, аталган райондордогу мектептерде жана окуу жайларда сабактар токтотулуп, музейлер жабылып, спорттук иш-чаралар, анын ичинде футбол боюнча Италиянын чемпионатындагы оюндар (А сериясы) токтотулду. Коронавирустун жайылышы Милан мода жумалыгына да таасирин тийгизди. Белгилүү «Ла Скала» театры ишин токтотуп, Венеция карнавалы мөөнөтүнөн мурда жабылды.

«Österreichische Bundesbahnen» темир жол компаниясы коронавируска байланыштуу Австрия менен Италиянын ортосундагы каттамдарды токтотконун жарыялады.

Кечээ, 23-февралда Италиянын бийлиги коронавирустан адам каза болгон үчүнчү учурду тастыктады. Крема шаарындагы ооруканада рак илдетинен дарыланып жаткан аял коронавирус жуктуруп, көз жумду. Италияда бул вирусту жуктургандардын саны 150 адамга жеткен.

Булак: Баракелде