Япониядагы саякат кемедеги карантинден чыгарылган кыргызстандык жарандын абалы жакшы.

Япониядагы саякат кемедеги карантинден чыгарылган кыргызстандык жарандын абалы жакшы. Бул маалыматты бүгүн, 24-февралда АКИpress агенттигине Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

21-февралда Бишкекте уюштурулган маалымат жыйында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов кыргызстандык жаран кемеден чыгарылып, ооруканада жатканын билдирген. Кеме Японияда токтогондон бери Кыргызстандын элчилиги аны менен байланышта болууда.

«Элчиликтин маалыматы боюнча, ал өзүн жакшы сезип жатат. Моралдык-психологиялык абалы жакшы деп бааланууда. Оорунун белгилери байкалган жок. Анын кемедеги кошунасынан коронавирус аныкталган. Биздин жаранга коронавирус жукту делген маалымат тастыкталган жок», - деди ал.

Буга чейин кыргызстандык жаран экипаждын мүчөсү экени белгилүү болгон.

Саякат кемеде жалпы 3,5 миңдей адам болсо, алардын ичинен 2,5 миңдейи туристтер, миңге жакыны экипаждын мүчөсү экени айтылган. 14 күнгө созулган карантин 21-февралда аяктады. Акыркы маалыматтарга карасак, бул кемеде коронавирус менен ооруган 2 адам каза болуп, 540 адам жуктурган.

Булак: Баракелде