Кытай өлкөсү Түркмөнстандан 200 миң долларга 1 млн медициналык бет кап сатып алды.

Кытай өлкөсү Түркмөнстандан 200 миң долларга 1 млн медициналык бет кап сатып алды. Бул тууралуу «Turkmenistan.ru» басылмасы мамлекеттик соода-чийки зат биржасына шилтеме берүү менен билдирди.

«Үч катмарлуу бет каптар Түркмөнстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишканасында өндүрүлгөн», - деп айтылды маалыматта. Чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, Кытайда коронавирус жайылганына байланыштуу медициналык бет каптар жетишпей жатат.

2019-жылы 31-декабрда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирустун жаңы түрү тууралуу билдирүү алган. Вирус 11 млн адам жашаган Ухань шаарында чыккан.

Изилдөөчүлөр COVID-19 коронавирусун жуктурган америкалык бейтаптан алынган вирус менен клетканын үлгүсүн сүрөткө тартып алышкан.Окумуштуулардын айтымында, COVID-19 коронавирусу сыртынан 2012-жылы Жакынкы Чыгыш өлкөсүндө респиратордук синдром оорусун чакырган МЕРС-CoV вирусуна окшош.

Булак: Баракелде