Санкт-Петербургдун Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери Кыргызстандын жараны башкарып бара жаткан «Форд Фокус» үлгүсүндөгү унаанын артынан түшүп кубалашты.

Бул маалыматты «Дорожный инспектор. Санкт-Петербург» социалдык түйүндөрүндөгү баракчаларга тараткан.

Окуя кечээ, 7-февралда болжол менен саат 02:45 чамасында болгон. Айдоочуну жол тескөөчүлөрү токтотушканына карабастан, унаасын айдап, качууга аракет жасаган.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, жол кайгуул кызматкерлеринен качып бара жатканда айдоочу саатына 200 чакырым ылдамдыкта айдаган. Кийнчээрек видеодон унаанын токтогонун көрүүгө болот.

Унааны 1998-жылы туулган Кыргызстандын жараны башкарып бара жаткан. Анын жанында айдоочулук күбөлүгү, унаага тиешелүү документтер болгон эмес.

Булак: Баракелде