Кытайга караштуу Ухань шаарында пайда болгон “коронавирустун” тегерегинде дүйнөнүн бардык бурчунда тынчсыздануулар жаралууда. Биздин өлкө да андан калган жок, кантсе да коңшулаш өлкө эмеспизби.

Ошондуктан да, ватсап ж.б. соцтармактар аркылуу ар кандай мүнөздөгү маалыматтар таркытылып жатат. “Банан жебегиле” дегенден баштап, “Кыргызстанда дагы ооругандар бар экен”- деген саптар жазылган. Дароо айтабыз, мунун баары – фэйк. Мындай чагымчыл маалыматтарды таркаткандар үчүн Кылмыш-жаза кодексинде атайын берене да бар экенин эске салабыз. Ушу тапта 100дөн ашуун адамдын өлүмүнө алып келген (4 миңден ашуун адам ооруга чалдыгып, дагы 300үнүн абалы оор, 57 адамдын айыккандыгы тууралуу кытай бийлиги айтууда) вирус тууралуу эмнелерди билүү керек? Биз фактыларды гана баяндайбыз...

Пневмониянын белгисиз түрү жөнүндө биринчи маалымат Кытайда Жаңы жылдын алдында, 31-декабрда пайда болгон. 7-январда Ажыдаарлар өлкөсү жаңы инфекциянын кайдан чыкканын жар салды, бул – 2019- nCoV коронавирусу.

1. Жаңы вирус эмнеси менен коркунучтуу?
Албетте, “Эбола”, “канаттуулар гриппи”, “атипичная пневмония” деген инфекциялар көптөгөн адамдардын өмүрүн алганын эске алганда, дагы бир белгисиз оорунун пайда болуусу кимди болбосун санаага салбай койбойт. Жаңы коронавируска чалдыккан адамдар кандай кыйналууга дуушар болорун айтып болбойт, ошондон улам каза тапкандардын саны көп болуп жатат. Бул дарт менен мурда эч ким ооруган эмес, ошондуктан ага каршы эч кимде иммунитет жок. Вирустун кантип өнүгүп кетишин алдын-ала айтууга болбой турат, анткени, дарт адамдарга алгач жаныбарлардан жуккан. Андан кийин адамдан адамга таркай баштаган.
Коронавирустун коркунучун бири нече критерий менен баалашат. Эң негизгилери – жугумдуулугу жана адам өлүмүнө алып келүү тобокелчилиги.
Окумуштуулар вирустун жугумдуулугун төмөн даражада баалашат. Анткени, башка мамлекетте ооругандар негизинен Кытайдан келгендер. Алар учак менен келген, а салондо көп болсо жүздөгөн адам бар. Ошого карабастан массалык түрдө андан жуктуруп алуу учурлары катталган эмес. Бул эң негизгиси.
Адам өлүмүнө алып келүү тобокелчилиги ушу тапта 3 пайызды түзөт, бул төмөнкү көрсөткүч. Каза тапкандар негизинен ден-соолугу начар, жашы өтүп калган, оор дарты бар (диабет, жүрөк, туберкулез менен ооругандар) адамдар.

2. Вирус кандай жол менен жугат?
Коронавирустардын жугуу жолдору негизинен окшош – бул аба аркылуу. Бирок, Кытайдан чыккан жаны коронавирустун суу, продукта, жуулбаган кир колдор аркылуу жуккан учурлары бар. 

3. Кантип сактануу керек? 
Коронавируска чалдыккан адамда кадимки грипп оорусундай симптомдор байкалат. Ошенткен менен, жаңы вирустун дарысы жок. Окумуштуулар ага каршы вакцинаны ойлоп табууга жарым жылдан кем эмес убакыт керектелерин баса белгилешүүдө.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, коронавиурстан сактануунун жөнөкөй жолдорун сунуштап жатат:
- Колуңузда улам самын менен жууп туруңуз, курамында спирт бар лосьондор да жарайт;
- Дене табы ысык, жөтөлү бар адамдардан алыс болуңуз;
- Эгерде сиздин дене табыңыз көторүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындай турган болсо, дароо дарыгерге кайрылыңыз, ошондой эле акыркы убакытта кайда саякаттаганыңызды айтыңыз;

- Мал жандыктарына тийиштүү продуктыларды, биринчи кезекте этти жакшылап кууруп жеңиз;
- Коомдук жайларга барчу болсоңуз, маска тагынганды унутпаңыз. Эң биринчи кезекте бул аэропортко баргандарга тийиштүү.

4. Эмнеге Кытайда акыр заман келгендей ызы-чуу болуп жатат?
Буга биринчи кезекте Кытай бийлиги күнөөлүү. 2002-2003-жылы пневмониянын жаңы түрү чыкканда бул фактыны Кытай бийлиги жаап-жашырып, дүйнө коомчулугунун сынына кабылган. Анын айынан 8 миңдей адам ооруп, 800дөйү каза тапкан. Бул ирет Кытай бийлиги баарын ачыкка коюу чечимин чыгарган. Бирок, ар кандай аракети менен ызы-чууну өздөрү күчөтүп жатат. Шаарларды жабуу, өзгөчө кырдаалдарды киргизүү чечимдеринен улам кытайлар гана эмес, бүт дүйнө жүзү коронавирусту ушунчалык кооптуу экен дешип, дүрбөлөң күч алууда. 

5. Дүйнөнүн кайсы өлкөлөрүндө вирус табылды?
Жаңы коронавирус менен бирин-серин ооругандар АКШ, Япония, Австралия, Түштүк Корея, Таиланд, Непал жана Францияда табылган. Алар негизинен Кытайдан учуп келгендер.

6. Кыргызстанда кандай чаралар көрүлүүдө?
Кыргыз Өкмөтү Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Кытайдан чыккан коронавируска байланыштуу оперативдик штаб түздү. Буга улай, бардык чек ара пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлүп, "Манас" жана "Ош" аэропортторуна тепловизор коюлган. 23-январдан тарта Кытай менен бардык аба жана автоунаа каттамдары да токтотулду.
Кытайда тарап жаткан коронавируска кабылган бир да кыргызстандык жоктугун Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирген. Буга чейин, WhatsApp мессенджери аркылуу коронавирус Бишкекке жеткени боюнча аудио билдирүү таркатылган. Анда эркек киши Инфекциялык ооруканага бейтап түшкөнүн, бул боюнча ага ошол жакта иштеген жубайы айтканын билдирген. “Мындай факты болгон жок, эч ким кайрыла элек. Интернетте тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт”, - деди Аалиев.
Ошондой эле Кыргыз өкмөтү Кытайдан эт жана жер-жемиштердин айрым түрлөрүн алып келүүгө тыюу салды. Буга Кытайдан чыккан коронавирус себепкер. Кыргызстагда Кытайдан өрдөк эти жана жер-жемиштерден алма, банан, мандарин, грек жаңгагы жана сарымсак келчү.
Ухань шаарында 15 кыргызстандык бар. Алардын саламаттыгы учурда жакшы.

Теманы улай...

Коронавирус кытай кобрасынан таркаганбы?

2019-nCoV – жаңы коронавирусунун пайда болгон жери - Китайдын Ухань шаары. Тагыраагы, инфекция ушул шаарда жайгашкан деңиз продуктыларынын дүң базарынан таркаган. Ооруга биринчи болуп чалдыккандар ушул базарда иштегендер же ал жактан соода кылган адамдар болгон. Балык ж.б. деңиз продуктыларынан тышкары соодагерлер ал жерде тоок, эшек, чочко, төө, түлкү, келемиш, кирпи жана жыландардын этин сатышчу.
Кытайлык вирусологдор жаңы оору алгач жапайы жаныбарлардын организминде пайда болуп, андан соң адамга өткөнүн белгилешүүдө. Вирустун кайдан чыкканын табуу өтө маанилүү. Анткени, бул “2019-nCoVнун” жашай башташы, жуктурулушу, көбөйүшүн билүүгө, ошонун негизинде вакцина табууга жардамы тийчү башкы маселе.
Окумуштуулар “2019-nCoVнун” мурунку белгилүү коронавирустардын генетикалык изин салыштырып чыгышкан. Башында анын жарганаттардын коронавирусу менен окшоштугу бардай сезилген. Бирок, баарын кылдаттык менен караганда, 2019-nCoV адам баласына келип олтурукташканга чейин дагы бир жандыктын организми аркылуу өткөнү белгилүү болгон. Акыркы лабораториялык изилдөөлөрдө жарганаттар менен адамдын ортосундагы жандык кытай кобрасы менен кытай крайты (жылаандар) болгонун көрсөтүүдө. Бул жыландар жарганаттарды ошол турушунда жутканды жакшы көрөт эмеспи. “Жарганаттар вирусу” жаңы жандыктын организмине киргенде “мутацияланып”, адамга да жугуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон. Адамга ал тамак аркылуу жуккан. Кытайда бул жыландардын эти деликатес катары сыпатталып, тамакка кошуп жегенди жакшы көрүшөт. Бу кытай туугандар оозуна эмне келсе эле тыга беришет го, тамакты да тандап жегенде, азыр балакетке кабылышпайт болчу да...
 
Атайын оорукананы Кытай 6 күндө бүтүрөт

Кытайда коронавирус менен ооругандар 29 аймак жана шаарларды катталган. Дартка чалдыккандардын эң кичүүсү 2 жашта.
25-январда Кытайда жергиликтүү календарь боюнча Жаңы жыл майрамдалат. Бирок бул жылы вируска байланыштуу массалык түрдө майрамдык салтанаттардын баары болгон жок.  25 аймакта жана шаарда коомдук саламаттыкка келтирилген коркунучтун жогорку деңгээли жарыяланган. 10дой шаардын толугу менен жабылганы кабарланды. Биринчи болуп бул чарага вирус пайда болгон Ухань шаары тушуккан: 11 миллион калкы бар шаар толук жабылган, вокзал, аэропорттордо каттамдар токтогон. Өз алдынча шаардан чыгуу мүмкүн эмес. Бул шаарга бийлик кошумча 1230 дарыгер жөнөткөн. Өткөн ишемби күндөн баштап Пекин башка аймактар менен автобустук байланышты токтоткон.
Ухань шаарында коронавируска чалдыккандар үчүн атайын оорукананы куруу 24-январда башталган. Аны бийлик 6 күндө бүтүрүүгө убада берди. Имарат 25 миң квадрат метрди ээлейт жана 1 миң оорулууну кабыл алууга жөндөмдүү. Бул бийликтин убадасы оюнчу эмес. 2003-жылы пневмониянын жаңы түрү чыкканда Пекинде 1300 оорулуу сыйган “Сяотаншань” клиникасын бир жумада салып ташташкан.
Мындан тышкары дагы 1300 адам бата турган атайын госпиталь да курулат, бирок ага 2 жума кетери жарыяланды.


Булак: Майдан газетасы