Кол алдындагы кызматкерин чапка чапкан Навои облустук сотунун төрагасы Отабек Тошев 2 миң доллар айыппулга жыгылды.

 

12-августта Кашкадарыя облустук соту мурдагы судьянын эки жылга чейин расмий жумуштарда иштөөсүнө да тыюу салды.

 

2019-жылы 15-февралда Отабек Тошев көрсөтмөлөрүн аткарбаганы үчүн кол алдындагы кызматкери Дилшод Норовду сабаган. Норов бир жума ооруканада дарыланган. Жабырлануучунун айтымында, судья ага башка кызматкерлердин көзүнчө кол көтөргөн.

 

Видеоконференция режиминде өткөн сот отурумунда 43 жаштагы Отабек Тошев кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча күнөөлүү деп табылган.

Отабек Тошев 2016-жылы Навои облустук сотунун төрагасы болуп дайындалган. Ал сот учурунда күнөөсүн мойнуна алган эмес, айыптоону “жалган жалаа” деп атаган. Судьянын айтымында, мурда сөгүш алган Дилшод Норов андан өч алууну көздөөдө.

 

Бирок жабырлануучу токмок жегенин айтып, Новои облустук сотунун төрагасын мыйзам чегинде жазалоону сураган.