Орусиянын Рязань облусунун Пичкиряево айылындагы жол кырсыгында Тажикстандын алты жараны, анын ичинде 14 жаштагы кыз көз жумду.

Мындан тышкары дагы сегиз адам жаракаттары менен ооруканага жеткирилди.

 

Кырсык 6-август күнү таңкы саат 5:30да болгон. Анда «Мерседес-бенц» кичиавтобусу менен «Тойота Ленд Крузер Прадо» автоунаасы кагылышкан.

 

Рязань облустук милиция бөлүмүнөн билдиришкендей, бул жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду.

 

Тажикстандын Миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Иброхим Ахмади «Мерседес-бенц» кичиавтобусунда бара жаткан жүргүнчүлөрдүн баары Тажикстандын жарандары болгонун ырастады. Анын айтымында, өлгөндөрдүн төртөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушкан.

 

Мурдараак Рязань облусундагы «Сомони» борборунун жетекчиси Хасан Шамсиев каза болгондордун сөөктөрүн Москвага жеткирүү үчүн кырсык болгон жерге барышканын билдирген.