14-июлда Москвада оппозиция өкүлдөрүн шаардык думанын депутаттыгына талапкер катары каттоого алуу талабы менен миңдеген адам катышкан массалык акция өттү.

Митингди таратуу маалында полиция катышуучуларга карата күч колдонуп, айрымдарын кармап кетти.

 

Кармалгандардын арасында Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун юристи Любовь Соболь дагы бар. МБХ-Медиа кабарлагандай, ал «Лужники» ички иштер бөлүмүнө жеткирилгенден кийин полиция бөлүмүнөн качып кеткен. Бирок укук коргоо органдары аны кубалап жетип, кайрадан кармашкан.

 

«ОВД-Инфо» басылмасынын маалыматына караганда, полиция акция маалында жалпысынан 38 кишини кармады.

Ишембиде аймактык шайлоо комиссиясы Москванын 43-шайлоо округунда өз алдынча талапкерлигин көрсөтүп чыккан жарандарды каттоодон баш тарткан. Комиссия мындай чечимин талапкерлер топтогон колдордун көбү жараксыз деп табылгандыгы менен түшүндүргөн. Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун юристи Любовь Соболдун айтымында, шайлоо комиссиясы ал топтогон колдордун дээрлик 15 пайызын жараксыз деп тапкан.

 

Жыйынтыгында аталган округда шайлоого үч гана адам талапкер катары катталган. Алар парламенттеги КПРФ, ЛДПР жана «Адилеттүү Орусия» партияларынын өкүлдөрү. Мыйзамга ылайык, алар шайлоочулардын колун топтоого милдеттүү эмес.