5-декабрда Украин бийлиги Саакашвилини кармоого аракет кылып, бирок калктын каршылыгы менен ишке ашпай калган 

 

 

Вашингтон Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилинин Украинада кармалышы боюнча өз пикирин билдирди. АКШнын мамлекеттик департаментинин маалыматында, алар Украинадагы абалга тыкыр көз салып турат жана украин өкмөтүн абалды курчутпоого чакырууда.

 

«Биз Киевде болуп жаткан окуяларды тыкыр күзөтүп турабыз. Албетте, биз Украин өкмөтү менен жакшы мамиледебиз, бирок бул алардын бардык пикирин колдойт дегенди түшүндүрбөйт. Украина бийлигин бул окуяны курчутуп жибербөөгө чакырабыз»-деп жазылат Мамдепартаменттин билдирүүсүндө.

 

Ошондой эле АКШ эки тарапты тең укуктун чегинде иш алып барууга үндөп, баш аламандыкка жол бербөөгө чакырган.

 

Белгилүү болгондой, кечээ 5-декабрда Украин бийлиги Саакашвилини кармоого аракет кылып, бирок калктын каршылыгы менен ишке ашпай калган. Учурда ага расмий түрдө издөө жарыяланып, бир сутка ичинде өз эрки менен прокуратурага келип сурак берүүсү эскертилген. Бирок, Саакашвили эч кайда барбастыгын айтып, көчөдө тарапташтары менен Украина президентинин импичментин талап кылууда.

 

Булак: "Мапал"