Коӊшулар коюн-колтук ачышып 

 

Казак боорлорубуз ушу тапта Өзбек коӊшуларыбыз менен өтө “ысышып” жатат. Ынтымак, биримдик жаатында бир топ алгылыктуу иш-чараларга, иш-сапарларга да жетишишти. Атургай эми Казакстанда “2018-жыл Өзбекстан жылы”- деп белгиленди.

 

Бул тууралуу Өзбекстан менен Казакстан президенттеринин Ташкенттеги биргелешкен маалымат жыйыны маалында айтылды. 16-сентябрда казак лидери Нурсултан Назарбаев мамлекеттик сапары менен Ташкентке барган. Маалымат жыйындын жүрүшүндө, тараптар эки өлкө ортосундагы мамиленин жаңы этабы башталганын, баардык стратегиялык маселелерде бир пикирде экенин көрсөтүшкөнүн белгилешти. Казак президенти “Биздин маданий-гуманитардык байланыштар эки өлкө ортосундагы достук мамиленин маанилүү фактору. Биз 2018-жылы Казакстанда Өзбекстан жылын өткөрүүнү макулдаштык. Казакстан жылын Өзбекстанда өткөрүү да күн тартибинде. Мунун алкагында биздин бир тууган элдердин биримдигинин бекемделишине шарт түзгөн түрдүү иш-чаралар өтөт”,- деди. Бали дейли, эки элдин достугун арттырууга аракет жасагандардын акыбети кайтсын. Эми жок дегенде өзүбүз сунуштай албаган бул идеяны биз деле ишке ашырсак, коӊшулар менен мамилебиз жакшырып, жыргап калбайт белек…

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №38 (316), 19-сентябрь 2017-жыл.