Мурда белгилүү болгондой, Америка президенти Дональд Трамп бир аскердик базада бир канча саясатчылар менен аналитиктердин күткөн маселесине жооп катары Американын Ооганстан боюнча жаңы стартегиясын жарыялаган. 

 

“Би-Би-Си”” сайтынын парс тилиндеги баракчасы бул тууралуу Дональд Трамп бир канча ай караштыруудан соң, акыры 21-августта стратегиялык чечимин билдиргенин жарыялап чыгарган. Телеберүүдөн Трамптын Вашингтондун чет жакаларында жайгашкан  Арлингтон көрүстөнүнүн жанында сөз сүйлөгөнү жарыяланган. Эске салсак,  Орлингтон көрүстөнүндө Ооганстанда курман болгон 2400 америкалык  аскер көмүлгөн. Америка президенти Ооганстандан америкалык аскерлер азырынча чыкпай тургандыгын жана Америка Ооганстанды бошотсо, ордун террорчулар толтураарын кошумчалаган.


Мындан сырткары Дональд Трамптын билдирүүлөрүн төмөнкүдөй жыйынтыктаса болот:


–  Аскерлердин аймакта катышуулары боюнча түшүнүк бербегендиги жана бул маселе боюнча учур келгенде чечим кабыл алынып, жарыялануусу.


–  Американын Ооганстанга берген сөздөрүнүн чектүүлүгү жана Ооганстан өкмөтү өз үлүшүн жана милдетин аткаруусу.


–  “Пакистанды Талибан аскерлерине баш калкалоо берип жатат”- деген таңуулоо жана Американын буга карата сөзсүз түрдө жооп кайтаруусу.


–  Ооганстандагы ИШИМ менен Алькаиданы жок кылуу жана талибандардын Кабулдагы кайрадан күч алууларына жол бербөө.


–  Трамптын  эгерде америкалык аскерлер жакшы аракет кылса, Ооганстанда саясий структура түзүлүп, анда талибандардын кандайдыр бир үлүшкө ээ болууларына ишаара кылуусу.


–  Индиянын Ооганстандагы ролун күчтөндүрүү жана ал эле эмес, Азиянын Түштүгү менен Тынч океандагы катышууларына жол ачуу.


Бул стратегиялык чечимден кийин аналитиктер менен саясатчылар жана өкмөт башчылары менен байланыштуу топтор маселеге ар тараптан сереп жүргүзүп жатышты. Ал эми биз бул жаңы стартегиялык жарыядан улам пайда болгон Америка менен Пакистандын тирешүүсү тууралуу талкуу жүргүзмөкчүбүз.


Трамптын билдирүүсүнөн бир күн өткөн соң, Американын Тышкы иштер министри Рекс Тиллерсон Пакистан тууралуу ачык айыптоо жасап, мындай деди: “Эгер Пакистан террорчуларды колдогонду уланта беришсе, анда бул өлкөнү мындан ары НАТОго мүчө катары тааный албайбыз.” Фарс агенттигинин “ Дели Экспресс” маалыматына шилтеме берип  маалымдоосуна ылайык, Рекс Трамптын “Пакистанды террорчуларга башбаанек берүүчү” атаганына таянуу менен мындай деп кошумчалаган: “Эгер бул өлкө мындан ары дагы террорчуларын жашыра берсе, Америка бирикемесинде кала бериши мүмкүн эмес.  Пакистан террорчуларга башбаанек берип эле тим болбостон, Ооганстандагы Америка базаларына чабуул жасагандарды да колдоп жатат”.


Америка ар дайым Пакистан менен жакшы алакаларын сактап келген, бирок акыркы бир канча жылдарда эки өлкөнүн бири – бирине болгон ишеничи сууп бара жаткандай.


Буга караштуу Тиллерсон мындай деп баса белгилеген: Америка менен Пакистандын мамилеси террорчулукка каршы күрөшүүнүн айланысында болушу керек жана бул маселе боюнча Исламбад өз чечимин кабыл алсын.


Тиллерсон ошондой эле кол салуу менен коркутуу маанайында мындай деген: Америка террорчулар кайда отурукташса, ага каршы операция жасоого толук укуктуу. Кимде ким террорчуларга башбаанек берсе, аларга эскертүү жасалды. Андыктан Вашингтондун террорчуларга каршы чарасынан эч ким аман калбасы бегилүү.


Бул  билдирүүлөрдөн соң Пакистан өкмөтү, ЖМКсы жана саясатчылары да унчукпай отуруп калышкан жок. Алардын жообу жалпысынан талибандарга башбаанек берүүсүн калпка чыгаруу  менен башталып, бул жолдо Пакистан террорчулар менен чын дилден күрөшүп,  көптөгөн аскерлерин курман чалгандарын билдирүү менен улантылды. Мындан сырткары  Пакистан тарап Американын Ооганстандын коопсуздугу боюнча  кабыл алган жаңы стратегиясын колдобостугун жана маселени чечүүгө башка чаралар көрүлүүсү керектигин баса белгилешкен.

 

Пакистан Сенатынын сенатору Реза Бани бул боюнча мындай деп билдирген: Пакистан көп тараптан Вьетнамга окшошту, эгер Трамп Пакистан америкалык аскерлердин көрүстөнүнө айлануусун кааласа, биз даярдыгыбызды билдиребиз. Ал албетте, кечирээк бул анын жеке билдирүүсү экенин тактап кеткен.


Ал эми Пакситандын Тышкы иштер министри  мындай деген: Американын финансылык жардамына муктаж эмеспиз. Буйруса террорчулукка каршы өз мүмкүнчүлүктөрүбүзгө таянуу менен күрөшөбүз.  Пакистан армиясынын командири Кумар Жавид Бажевах дагы бул тууралуу өз пикирин мындай билдирген: Американын жардамына муктаж эмеспиз жана Американын Исламабаддын террорчулукка каршы күрөшүүсүн чындап мойнуна алуусун каалайбыз.


Пакистандын УККсы дагы  өлкөнүн бир канча  саясий, аскерий, коопсуздук Жогорку аткаминерлердин жыйынында Трамптын Пакистан тууралуу акыркы билдирүүлөрүн негизсиз деп билдирген жана Америка Пакистанды күнөөлөө менен Ооганстандагы  баткагынан кутула албайт деп баса белгилеген.


Пакистандын аталган Жогорку комитети “Америка Пакистандын террорчуларга каршы күрөшүүдө берген курмандыктарына урмат көрсөтсүн”,- деп сунуштоо менен бул жолдо Пакистан 12 млрд. доллардан ашуун каражат жумшаганын тактап кеткен.


Бул баянда Пакистан тарап Американын “жардам берүүнү токтотуу” боюнча коркутууларына жооп кайтаргандай болду. Баянда Американын Исламабадга төлөгөн каражаттары Вашингтондун 2001-жылдан бери жасаган Ооганстанга чабуулундагы  Пакистандын чыгымдарынын жарымын да камсыздабаганы айтылат. Пакистандын саясий, аскерий жана копсуздук аткаминерлери Ооганстандагы террорчу топтордун пайда болуусуна Американын өзүн күнөөлөп мындай деп баса белгилеген: Америкадан тезинен террорчулардын лагерин, алардын ичинде Пакистанга коопсуздук жаратуучу террорчулардын топтошкон жайларын жок кылуусу  талап кылынат. Пакистан тарап Ооганстанда тынчтык менен келишим өкүм сүрүшүн каалайт. Анткени бул маселе улуттук кызыкчылыктарды аркалайт,- деп айтылган билдирүүдө.


Ошондой эле бул комитет Пакистан улуттук  өкүмчүлүктү жана аймактарынын бүтүндүгүн коргоого чечкиндүү экенини баса белгилеген.


Мисалга назарыңыздарды Пакистан ЖМКсынан JIO телеканалынын саясий программасынын алып баруучусу жана Ооганстан маселеси боюнча адиси Сали Сафинин берген маегине бурабыз. Ал Американын жаңы стратегиясы боюнча мындай талдоо берген; Албетте, Америка Исламабадды оюндан чындап четке кагуунун артында эмес. Трамп менен америкалык саясатчылар Исламабадды мындан да жакшыраак кызматташсын деп жатышат. Мындан сырткары Пакистансыз Ооганстандагы иши оңолбой турганы белгилүү нерсе, төмөнкүдө бул боюнча ачык байкалат:


Салим Сафи Америка мурдагы президенттер Буш менен Обаманын тажыйырбасынан жакшы сабак алышып, эми андай катачылыктарды кайталабай турганы белгилүү. Ушуга караштуу Трамп Ооганстанга жибериле турган аскерлердин санын так жарыялабайт. Америка өз аскерлеринин өлүмүн каалабасы белгилүү. Ал эми Ооганстандагы ишин улантуу үчүн  Кабул, Пакистан жана Индия өкмөтү менен бир сөзгө келүүгө мажбур. Америкалыктар Индияны Ооганстанга аскер жиберүүсүн талап кылууда, бирок Индиянын буга көңүлү жок экени байкалат. Индия учурда Пакистанды коркутуу гана деңгээлинде Вашингтон менен кызматташууга даяр.

 

Салим Сафи баса белгиледи: Американын Пакистан менен келишпестиги Ооганстандагы согушту күчөтөт. Эгерде Америка Делиге мүмкүнчүлүк берип, Ооганстан аркылуу Пакистанга операция жасаса, акыбал кыйындап, аскер Америкага сокку урууга бардык аракетин жасамакчы.


Сафи Американын Пакистанга карата саясатын Индиянын АКШдагы таасиринен улам жүрүп жатканын белгилеген. Американын бул саясаттары Пакистандын саясий жана аскердик жол башчыларынын ички кырдаалдарга алек болуп жатканда түзүлгөнү белгилүү. Пакистан Америкага таасирин тийгизе алган жок, бирок Индия бул убакытта Вашингтондогу ордун бекемдегенге жетишти. Эки тараптын кайым айтышууларына күбө болгон соң, бул жерде тирешүүлөрдүн натыйжасы кандай болот жана эки тарап бири-  бирине кысым келтирүү үчүн кандай куралдардан пайдаланышат?,- деген негизги суроолор туулат.

 

1. –  Бул маселе боюнча алгач ишаара кыла турган нерсе, Америка да Пакистан дагы бири – биринен көңүлдөрү толук тарай элек. Америкалыктар жаңы баштаган коркутуулары менен кысымдары аркылуу Пакистанды Ооганстандагы кырдаалын чечүүгө жана аларды талибандардан четтетүүгө  үмүттөнүшүүдө. Пакистан мурдагыга караганда учурда Орусия жана Кытай менен бекем мамиледе. Кытайдын Пакистанга көптөгөн салым киргизүүлөрү жана бир четинен Пакистандын Орусия менен аймактык кызматташуулары Пакистанга жаңы альтернатива жаратып, Пакистандын коопсуздугуна кепилдик берип турат. Ушундай  шарттар Пакистандын Американын кысымдарына чыдаганга шарт берип жатат.


2. –  Пакистан үчүн Американын аскердик кол салуусу же жардам берүүлөрүн токтотуп, экономикалык, саясий кысымдарды көрсөтүүлөрү коркунучтуу эмес. Бирок Американын Индия менен кызматташуусу күч алып, Батыш Азия аймактарын Индиянын көзөмөлүнө берип коюусу коркунучтуу. Албетте, Американыны бул чечими Пакистанды чындап кыйнамакчы.


3. –  Мурдараак белгилеп кеткендей, Пакистан деле кырдаалды күчөтүүгө кызыктар эмес жана Америка менен кандайдыр бир байланыштарын сактап калууга аракеттенет. Эгер кичине чыдамдуулук көрсөтсө, аймактагы саясаттарга болгон таасири менен кыйынчылыктардан чыгып кетүүсү мүмкүн. Бирок, бул ирет Американын кысымы күч алса, Пакистандын бир канча пландарын ишке ашыруусу күтүлөт. Алардын бири Ооганстандагы согушту күчөтүү. Пакистандын аскердик маалымат кызматы Ооганстандагы кырдаалды күчөтүүгө толук кудуреттүү экени баарына белгилүү. Мындай боло турган болсо, оогандык аскерлер, жайкын тургундар жана чет өлкөлүк аскерлер, алардын ичинде америкалыктардын курмандыктары өсүшү мүмкүн. Натыйжада жалпынын ой пикири Ооган өкмөт башчыларына, америкалыктарга карата начарлап, акыбал начарлашына ыктымал берилет.


Экинчиден, Пакистан Кытай жана Орусия менен Иранга жакындай түшөт. Пакистан Кытай менен аскердик кызматташууларын кеңейтип, Кытай жана Орусия аскерин Оман менен Индия океандарындагы катышууларына өбөлгө түзмөкчү. Мындан тышкары арабдар менен алакасынан пайдаланып, Американын аракетин көзмөлдөө ишин колго ала алат.


Пакистан Ооганстандагы ар кандай тынчтык келишимине тоскоолдук жарата алат жана бул ыкмасы менен өзүнүн таасирдүүлүгүн көрсөтө алат.


Пакистан олуттуу чечим кабыл алса, Американы өз аймактарынан пайдалануусун  чектей  алат. Ал үчүн Америкага каршы болгон пакистандык диний күчтөр кеңири демонстрация өткөрүшөт. Натыйжада Америка менен Пакистан келишиминин баасы көтөрүлмөкчү. Учурда биз да мындай нерсе башталышына күбө болуудабыз.


Кыскасы, Америка менен Пакистан бири – бирине олуттуу кыйынчылыктарды жарата алышаары ачык. Бул тараптар кандай гана чечимге барышпасын, өкүнүчтүүсү, Оганстандын акыбалын жакшы жакка өзгөртө алышпайт. Башкача айтканда, эки тарап тең бир жеңден кол чыгаргандын ордуна, бири – бирине зыян гана келтиришмекчи. Ал эми Американын учурдагы Пакистан боюнча кабыл ала турган чечимдеринен айта кетсек, Америка кысымдарын күчөтүшүнө ыктымал берилет. Ал эми Индиянын Американын колдоосу менен аймактагы кийлигишүүлөрү Пакистанга олуттуу кыйынчылык жаратат. Бирок, Пакистан буга оңой багынып бербейт жана убактытты чоюу менен бул кырдаалдан чыгууга аракет жасашы мүмкүн. Пакистан саясий оюндарын улантып, аймактагы күчтөргө таасир этүү менен Американы “Пакистансыз Ооганстан кыйынчылыгын чечүүгө мүмкүн эместигине” ынандырууга аракет кылат.

 

Албетте, Америка Пакистан менен кызматашуусун  улантып, Ооганстанга жетүүсүнө жол ачуусу керек, анткени учурда Пакистандан башка жол жок. Бирок Трамп айткандай,  Кабулга бир аскердик система келип, анын бир бөлүгүн талибандар түзө турган болсо дагы Америка Пакистанга олуттуу зыян көрсөтүүнү көздөбөйт жана аны келечекке үмүттөндүртүп сактап калат. Андыктан Америка чындап эле Ооганстадагы кырдаалды чеүүгө кадам жасай турган болсо, андагы абалды кыйындатууга барбас. Же болбосо мунун бардыгына бир оюн катары карап, Американын аймактагы аскердик катышууларынын уландысы деп баа берсек болот. Америка баягыдай эле  Ооганстандын кырдаалын чечүүгө эмес, жаңы кырдаал жаратуунун артында жана бул ирет эски шериктеши Пакистанды курмандыкка чалмакчы.

 

Аббас Файяз,

Борбор Азия жана Ооганстан (Чыгыш Иран) боюнча изилдөө борборунун адиси.