Россия Кытайдын тарыхына чоң урмат менен мамиле кылат, эки элдин жакындашуусуна кызыкдар.
Москва менен Пекин бирөөгө каршы туруу үчүн эмес, дүйнө тынчтыгы үчүн мамиле курат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин КЭРге жөнөөр алдында кытай элине жасаган кайрылуусунда айтканын РИА Новости жазды.
Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен бараткан РФ лидери ушу тапта эки өлкөнүн алакасы болуп көрбөгөндөй деңгээлде экенин белгилеген. Президенттин айтымында, Москва менен Пекиндин бир жээкте турушу дүйнөнү турукташтыруучу мааниге ээ.
Путиндин кайрылуусунун урунттуу учурлары:
- эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү өсүп жатат;
- Москва Россия менен Кытайдын ортосундагы визасыз режимди колдойт;
- эки өлкө өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн аракетин уланта берет;
Россия Кытайдын тарыхына чоң урмат менен мамиле кылат, эки элдин жакындашуусуна кызыкдар.