Бишкек, "Саясат.kg". Бекабад районунда жашаган жубайлар 2 кызын Бука районундагы тууганына таштап, Орусияга иштегени кетишкен.

Ташкент облусунун Бука районунун тургуну жети жаштагы жээнин сабап өлтүргөн. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ташкент облусунун Бекабад районунда жашаган жубайлар 2 кызын Бука районундагы тууганына таштап, Орусияга иштегени кетишкен. Ал жерде кыздары күн сайын ур-токмокко кабылган.

Айыпталуучунун айтымында, 12-мартта ал үй тапшырмасын аткарбаган жети жаштагы жээнин таяк менен сабаган. Кыз алган жараатынан улам ооруканага жеткирилип, аялга "ден соолукка атайылап оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. 13-мартта аял убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эки күндөн кийин, 15-мартта кыз реанимацияда каза болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.